5-октябрдан баштап Бишкек шаарына жылуулук берилет. Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулулукка туташтырылат. Андан соң турак-жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет.
Тийиштүү токтомго мэр Айбек Жунушалиев кол койгону расмий кабарланды.
Кыргызстанда 1-октябрдан аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 5-октябрда бир катар облустарда үшүк жүрөт деп эскертилген.
Дагы караңыз
Бишкекте күнүгө эки миңдей адам жайма базарда соодагерлик кылатКүлүктөрдү таптаган спорт мектебиФумио Кисида Жапониянын жаңы премьер-министри болуп шайланды Осло-2021: Тыныбекова менен Акматалиев алгачкы атаандаштарын жеңдиДепутат Саматбек Ибраевдин уулуна козголгон кылмыш иш боюнча экспертиза дайындалды