Бишкекте күнүгө бир жарым - эки миңдей адам жайма базарда соодагерлик кылат. Мыйзамсыз сооданы көзөмөлдөө оор болуп жатканын Ленин райондук администрациянын Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Максат Муратбеков "Азаттыкка" билдирди.
"Бизде киши аз. Алты эле кызматкер иштейт. Техника да аз", - деди ал.
Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын башынан бери борбор калаадагы "Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз соода кылгандарга каршы 70тен ашуун рейд жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында араба, отургучтар болуп 880 буюм алынган.
"Ош базарынын" айрым сатуучулары 4-октябрда мэриянын алдына пикетке чыгышты. Алар көчөдөгү жайма базардын айынан базарда соода ордуна акы төлөп, салык төккөн соодагерлердин товары өтпөй жатканын айтып, нааразы болушту.
Сатуучулар товарларын арабага жүктөп алып, мэриянын тушуна чогулушту жана үн күчөткүч аркылуу "сатып түгөтүү" акциясы болуп жатканын жар салып турушту. Колдоруна нааразылыктары жазылган плакаттарды көтөрүп алышты.
"Ош базары", "Дордой" жана "Орто-Сай" базарларынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарды тазалоого мэриянын алы жетпей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылганын шаардын буга чейинки жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.
Дагы караңыз
Фумио Кисида Жапониянын жаңы премьер-министри болуп шайланды Осло-2021: Тыныбекова менен Акматалиев алгачкы атаандаштарын жеңдиДепутат Саматбек Ибраевдин уулуна козголгон кылмыш иш боюнча экспертиза дайындалдыЖМК: Евробиримдик Украинада аскердик-окуу миссиясын түзөтДепутат Саматбек Ибраевге нааразы болгондор пикетке чыгышты