Бейшеналиев өлкөдө коронавирустун нигериялык штаммы чыгышы мүмкүн экенин айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган нигериялык штаммы катталып калышы ыктымал. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-октябрда "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди.

"Дүйнөдө коронавирустун 4-5-толкуну жүрүп жатат. Буга чейин "дельта" штаммынан коркуп жаттык эле. Азыр Кыргызстанда ооругандардын 70% ушул штамм менен катталып жатат. Бирок азыр эң эле коркунучтуусу нигериялык мутацияланган формасы чыкты. Ал "дельтадан" да, башкасынан да агрессивдүү экен. Ошого дагы биз даярбыз. Азыркы кезде 3 млн. 50 миң доза вакцияна алдык. Анын 1,5 млн. эле дозасы сайылды", - деди министр.

Бейшеналиев соңку күндөрү вакцина алган жарандардын саны азайып кеткенин билдирди. Анын айтымында, күз айларына чейин күнүнө 15-20 миң киши эмделип жатса, азыр вакцина алгандардын саны араң 1-2 миңдин тегеригинде болууда.

Өлкө боюнча коронавируска каршы эмделгендердин саны 1,5 млн. чукулдады. Алардын 839 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 4-октябрда коронавирустан бир бейтап каза болду. 43 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында. (КЕ)

Дагы караңыз

Коронавирус бир айда 70тен ашуун өмүрдү алды5-октябрга карата аба ырайыГүлнара-Клара Самат Орусия менен бирге Арменияга дагы элчи болот5-октябрда Бишкек шаарына жылуулук берилетОсло-2021: Тыныбекова жана Акматалиев жарым финалга чыкты