Өзбекстанда палоо кымбаттады

Өзбекстанда демделген Ташкент палоосу.

Сентябрь айында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жана үч облуста палоонун баасы мурдагы айларга караганда кескин өстү.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, палоонун баасы август айына караганда Ташкентте 5,4%, Кашкадарыя облусунда 2,5% жана Хорезм облусунда 3,3% кымбаттаган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын жазышынча, Өзбекстанда эң арзан палоо Наманганда, ал эми эң кымбаты Ташкент шаарында катталган.

Өзбекстанда палоонун индекси былтыртан бери жүргүзүлөт. Бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинин көрсөткүчү катары каралган. Палоо өзбек элинин улуттук тамагы болуп саналат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Палоо индекси”: Борбор Азиядагы кымбатчылык

Дагы караңыз

Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тарткан сүрөтчү Ларс Вилкс каза болдуКоронавирус бир айда 70тен ашуун өмүрдү алды4-октябрда Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында килемге чыгатДепутат Саматбек Ибраевге нааразы болгондор пикетке чыгышты5-октябрга карата аба ырайы