Парламенттин депутаты Саматбек Ибраевге жана анын үй-бүлөсүнө алданганын айткан кишилер 4-октябрда пикетке чыгышты. Ондон ашуун адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушту. Колдоруна "Ибраев Самат, акчабызды кайрып бер!", "Президент мырза, жардам бериңиз!" деген жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты.
Алар Ибраевдердин үй-бүлөсү баш-аягы 35 млн. доллар карыз экенин билдирип, аласасы бар кишилердин бир бөлүгү гана пикетке чыкканын айтышты.
Нааразы топ "Ибраевдердин үй-бүлөсү түрдүү себептер менен акча алып, бербей койгон" деген жүйөнү келтиришүүдө.
"Азаттык" азырынча депутатка байланышып, өзүнө жана үй-бүлөсүнө байланыштуу финансылык маселелер боюнча комментарий ала алган жок.
Саматбек Ибраев - КСДП фракциясынан депутат. Улуттук банкка байланыштуу мыйзамды өзгөртүү, "финансылык шылуун" катары мүнөздөлгөн орусиялык Владимир Фролов менен кызматташуу боюнча соңку күндөрү анын аты тез-тез атала баштады.
Анын уулу Данияр Ибраевге 2019-жылы ири суммадагы каражатка байланышкан алдамчылык иши боюнча эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган.
Дагы караңыз
"Ош базарынын" сатуучулары мэриянын алдында соода-митинг уюштуруштуКыргызстанга октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келетӨрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылган кароолчулар күйүк алдыАсыл жарды азгырган чыккынчы дос“Кардарлар кезекте турат”: Кыргызстан алтынды кимге сатат?