Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ноокен районунда 48 жаштагы кишинин өлүмүнө шек саналып, эки адам кармалды.
Алардын бири 19 жаштагы А. Ж., экинчиси - 16 жаштагы К.А. экени кабарланды.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган.
Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-ж.т. Ж.М. аттуу жарандын сөөгү жатканын билдирген.
Бул фактыны ошол эле күнү Ноокен милициясы бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен каттап, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.
Бул кылмышка шек саналган 19 жаштагы А. Ж. Ноокен райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды. Ал эми 16 жаштагы К. А. жашы жете электигине байланыштуу сот чечими менен ата-энесинин колуна тапшырылды.(ZKo)
Дагы караңыз
Стамбулдан Ошко Pegasus авиакомпаниясы каттай баштады Аба ырайы: жаан карга айланатЛукашенко элинен кечирим суроодон баш тарттыКанатбек Маматов Кыргыз футбол бирлигинин башчылыгынан кетет"Коопсуз шаар-2" долбоорун 2022-жылдын жаз айында ишке киргизүү пландалуудаМэрия айдоочунун орой мамилесине кабылган келинди издеп жататТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт