Стамбулдан Ошко Pegasus авиакомпаниясы каттай баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрга караган түнү Ош эл аралык аэропортуна Стамбулдан жүргүнчү учак учуп келди. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Стамбул-Ош багытындагы учак Pegasus компаниясына таандык.

Компаниянын өкүлү Юсуф Эрмандын айтуусунда каттамды ачууга байланыштуу сүйлөшүү эки жылга созулган.

"Фергана өрөөнүндөгү жүргүнчүлөргө Стамбул аркылуу дүйнөнүн 19 өлкөсүнө жана Түркиянын 22 шаарына жол ачылды. Мындан тышкары бул Ош шаары жана Кыргызстандын түштүгү үчүн чоң жарнама болуп берет", - деди Эрман.

1-октябрда Стамбул-Ош каттамындагы учак 130 жүргүнчүнү алып келип, кайра Стамбулга 155 адамды алып кетти.

"Түрк аба жолдору" компаниясы Стамбул-Ош-Стамбул багытында каттамын алгач 2012-жылы, 19-июлда баштаган. Бирок кийинчерээк каттам токтотулган. (ZKo)

Дагы караңыз

Лукашенко элинен кечирим суроодон баш тарттыКанатбек Маматов Кыргыз футбол бирлигинин башчылыгынан кетет"Коопсуз шаар-2" долбоорун 2022-жылдын жаз айында ишке киргизүү пландалуудаМэрия айдоочунун орой мамилесине кабылган келинди издеп жататТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөтЖоошев Атамбаевди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатканын айттыШайлоо-2021: 63 киши өзүн-өзү көрсөтүп, арыз тапшырдыБаткен: Марипов чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн курулуп бүтпөй жатканын сынга алды