Полиция Эквадор түрмөсүндө көзөмөл орнотконун билдирди

Түрмөнүн сыртында турган аскер. 30-сентябрь, 2021-жыл. Эквадор.

Түрмөнүн сыртында турган аскер. 30-сентябрь, 2021-жыл. Эквадор.

Полиция Эквадор түрмөсүндөгү 118 адамдын өмүрүн алган тополоңдон кийин көзөмөл калыбына келтирилгенин билдирди.

Бийлик бул Түштүк Америкадагы түрмө ичинде чыккан эң кандуу калаба болуп калганын билдирди.

Түрмө администрациясынын маалыматына ылайык, 86 киши жарадар болгон. Алардын бир нечесинин абалы оор. Улуттук прокуратура билдиргендей, алты адамдын башы кесилген. Жакындарынын сөөгүн алып кетүүгө жүздөгөн адам топтолду.

Тополоң Гуаякил шаарындагы түрмөдө 28-сентябрда тутанган. Жергиликтүү маалымат агенттиктери жазгандай, түрмөдөгү топтун мүчөлөрү лидеринин туулган күнүн белгилеп жатып, жабык жайды алар көзөмөлдөй турганын айтып, мактанышкан. Бул сөздөр башка топтун мүчөлөрүнүн кыжырын келтирген.

Тартипти орнотууга 900дөй аскер тартылды. Операция маалында эки офицер жабыркады.

Ушул жылдын башында Эквадордогу төрт түрмөдө чыккан тополоңдо 73 адамдын өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

Михаил Саакашвили Грузияга кайтканын билдирдиНур-Cултанда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар кармалдыТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт