Мамлекеттик макамдагы "Манас" театры түптөлдү

Азиз Биймырза уулу

Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлдү. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу театрдын жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу "Азаттыкка" кабарлады.

Анын айтымында, театрдын уставы 30-сентябрда иштелип чыккан. “Манас” театрынын ишмердиги үчүн борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнүп берилди.

Буга чейин 25-сентябрда Бишкекте өткөн дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын жабылуу аземинде “Манас” театры түзүлгөндүгү жарыяланып, театрдын жетекчиси катары манасчы Азиз Биймырза уулу тааныштырылган.

Биймырза уулуна театр үчүн президент тарабынан 500 миң сомдук сертификат тапшырылган.

2021-жылдын 22-сентябрындагы №179 токтомго ылайык “Манас” театрынын каржы булагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. (MZh)

Дагы караңыз

ТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөтЖаңы салык кодекси: Банк купуялуулугу сакталбайт"Коопсуз шаар-2" долбоорун 2022-жылдын жаз айында ишке киргизүү пландалуудаЖоошев Атамбаевди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатканын айтты"Талибанды" тааныткысы келген Кытай