Ушу тапта 750 миң чамалуу кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин жетекчиси Таштанбек Каймазаров билдирди.
Ал 30-сентябрда миграция боюнча эл аралык уюмдар менен чогуу өткөн жыйында кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусияга, Түркияга жана Казакстанга кетип жатканын белгиледи. Каймазаровдун айтуусунда, бүгүнкү күнү миграция - элет калкы үчүн жашоосун жакшыртып, социалдык макамын көтөрүүгө жалгыз мүмкүнчүлүк.
Эл аралык миграция уюму сурамжылоолор учурунда мигранттардын 35% экономикалык абалын жакшыртуу үчүн миграцияга кетип жатканын айтышканын билдирүүдө. 16% карьера үчүн, 13% үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу өлкөдөн кетип жатканын айтышкан.
Уюмдун иликтөөсүндө Кыргызстандагы миграция агымынын күч алышына өлкөдөгү саясий, экономикалык, демографиялык процесстер жана COVID-19 таасир бергени тууралуу айтылган.
Бейрасмий маалыматтар боюнча учурда чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 1 млн. ашуун. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда.
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанга чет жактан жалпы 2 млрд. 377 млн. доллар жөнөтүлгөн. Мунун 90% Орусиядан которулган. (ZKo)
Дагы караңыз
"Талибанды" тааныткысы келген Кытай Активист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга телефонуна байланыштуу келгенин айттыЖаңы салык кодекси: Банк купуялуулугу сакталбайтПрезидент Садыр Жапаров карыяларды куттуктадыАба ырайы: Тоолуу райондорго кар жаайт, үшүк жүрөтБишкекте ат спорту боюнча мелдеш өтөт