Бүгүн, 1-октябрда Кыргызстанда карыялардын эл аралык күнү белгиленет.
Эл аралык карыялар күнүнө карата Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде Кызыл жарым ай коому атайын иш-чара уюштурат.
Түшкү саат 12де баштала турган жармаңкеде улгайган аялдар жасаган буюмдар сатылып, түшкөн каражат карыяларды кароочу хосписке берилет.
Расмий статистикага ылайык, өлкөдө пенсия жашындагылар 400 миңден ашат. Алардын 10 миңдейи үзгүлтүксүз материалдык, психосоциалдык жардамга муктаж. (BCh)
Дагы караңыз
Тажикстанда Ооганстандагы урушка катышты делген келин 12 жылга кесилдиУкук коргоочу Валентина Чупик Украинадан баш калка сурадыМитингчилерге бир миллион теңге айып пул салындыЖеневада кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голддун" биринчи сүйлөшүүсү аяктады