Ошто "Ислам - тынчтыктын тиреги" аттуу эл аралык конференция өтүүдө

“Ислам - тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык конферециясы. Ош шаары. 30-сентябрь, 2021-жыл.

“Ислам - тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык конфереция бүгүн, 30-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында өтүп жатат. Жыйынга Түркия, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген дин аалымдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери катышууда.

Иш-чарада ислам дининин тынчтыкты жана ынтымакты орнотуудагы орду, радикализм, экстремизмге каршы түшүндүрүү иштери жана толеранттуулук принциптери талкууланып жатат.

Эки күндүк конференцияда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен студенттерине исламдын тынчтык куруудагы ролу тууралуу сабактар өтүлөт.

Эл аралык, илимий жыйын 1-октябрда жыйынтыкталат. (DU)

Дагы караңыз

Орозова: Баткендеги үйлөр бүтпөй жататСузакта сегиз киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштүМедиа коомчулук ЖМК мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жататСамат Ибраев: Фроловду президент кабыл алган (видео)Орусияда бийлик үч медиа каражатын "чет элдик агент" деп таптыШайлоо-2021: талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны 57ге жетти