Өзбекстанда өспүрүмдөргө 12 жаштан тарта өз эрки менен Pfizer вакцинасын сайдырууга уруксат берилди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин, Улуттук техникалык иммунологиялык экспертизанын токтому чыкты.
28-сентябрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасын сайдырган 12-15-жаштагы өспүрүмдөргө жасалган клиникалык сыноо жакшы натыйжа бергенин билдирди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы 12 жаштан тарта Pfizer вакцинасын сайдырса болорун сунуш кылган.
13-сентябрда Өзбекстанга 1 миллион 200 миң доза АКШ-Германия чыгарган Pfizer/BioNTech компаниясынын вакцинасы келип түшкөн.
Бул өлкөдө 1-апрелден тарта Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Ошондой эле AstraZeneca, Moderna жана Pfizer/BioNTech сайдырса да болот. Коңшу өлкөнүн калкынын 11% чукулу эмделди.
Дагы караңыз
Улуттук банктын төрагасы алмаштыАКШга орус базасы эмне үчүн керек?Чек арадагы кармоолор, кыргыз бийлигине жолдонгон кат Бакиевдер менен чогуу соттолгон Алапаевдин иши кайра каралат