Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызына Жогорку Кеңештин 62 депутаты макулдук берип, эки депутат каршы добуш берди. Жыйынга 66 депутат катталган.
Ушул тапта парламент Улуттук банктын төрагалыгына талапкер - Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун карап жатат. Мамлекет башчынын сунушун депутаттарга өкүл Анарбек Калматов тааныштырды.
Толкунбек Абдыгулов президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий басым-кысым жоктугун билдирди.
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылдыАбдыгулов: Кызматтан өз каалоом менен кеттимПарламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун арызын кароодо Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которгонАмерикалык ырчы 11 кишиге жыныстык зомбулук көрсөткөн деп айыпталдыДепутаттар Кумтөрдүн иши тууралуу өкмөттүн отчет берүүсүн талап кылды