Грекиянын Крит аралында кайрадан жер силкинди

Криттеги Аркалохори айылы, 27-сентябрь 2021-жыл.

Шейшемби күнү Грекиянын Крит аралында кайрадан жер силкинип, анын магнитудалык күчү 5,3 баллга жетти. Афиныдагы Геодинамика институту 28-сентябрда билдиргендей, бул кечээки жер титирөөдөн бери катталып жаткан ондогон майда силкинүүлөрдүн эң күчтүүсү болуп калды. Анын очогу Криттеги Гераклион шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 22 чакырым аралыкта жайгашкан.

Грекиянын бийлиги жарандарды жарака кеткен имараттардан оолак болууга чакырды. Миңдеген жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түндү чатырларда же автоунааларда өткөрүштү.

27-сентябрда күчү дээрлик 6 баллга жеткен жер титирөөдөн аралда жүздөгөн турак-жайларга зыян келди. Гераклиондо бир чиркөө кыйрап, андан бир кишинин өмүрү кыйылган.

Грекия сейсмологиялык жактан активдүү аймакта жайгашкан. Жылына бул өлкөдө жана анын аралдарында жүздөгөн жер титирөөлөр болуп турат. Алардын көбү майда силкинүүлөр.

2020-жылдын октябрь айында Грекия менен Түркиянын ортосундагы Эгей деңизиндеги 7 баллдык жер титирөөдөн Измир шаарында 37 киши, Грекиянын Самос аралында эки өспүрүм каза тапкан.

Дагы караңыз

Түндүк-түштүк автожолунун 2-фазасы аяктоодоАбдыгуловду кызматтан алуу боюнча документ парламентке келдиКара-Суу районунда каналга түшүп кеткен ымыркайдын сөөгү табылдыТүркмөн бийлигин сындаган активист Стамбулда кармалды