2020-жылы АКШда киши өлтүрүү фактылары көбөйгөн

Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери.

2020-жылы Кошмо Штаттарда жарандар киши колдуу болгон учурлар бир жыл мурдагыга салыштырмалуу дээрлик 30% көбөйгөн. Бул каттоо башталган 1960-жылдан бери бир жылдык статистикадагы эң чоң секирик.

Федералдык иликтөө бюросу 27-сентябрда жарыялаган маалыматка ылайык, АКШда былтыр 21 570 адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 4901 фактыга көп.

Былтыр адам өлтүрүү фактыларынын 76% ок атуучу курал-жарактар себеп болгон. 2019-жылы бул көрсөткүч 73% түзгөн.

Эксперттер кылмыштуулуктун күчөшүнүн себептерин так айта албай турушат. Алардын баамында коронавирус пандемиясынан улам жаралган экономикалык жана социалдык кыйынчылыктар жана курал-жарак соодасынын күчөшү киши өлтүрүү фактыларынын көбөйүшүнө себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле, афро-америкалык жаран Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин айрым аймактарда полиция кызматкерлеринин санынын азайышы да кылмыштуулуктун дагы бир себеби катары белгиленип жатат.

Соңку сандар Америкада киши өлтүрүү 1990-жылдардан берки эң жогорку чегине жеткенин көрсөтүүдө. Ал кезде кокаин эпидемиясы жана кылмыштуулук күч алганы үчүн бир жылда 23 миңдей киши өлтүрүү фактылары катталган.

Дагы караңыз

Абдыгуловду кызматтан алуу боюнча документ парламентке келдиКара-Суу районунда каналга түшүп кеткен ымыркайдын сөөгү табылдыТүркмөн бийлигин сындаган активист Стамбулда кармалдыТүндүк Корея "белгисиз снаряд" менен Жапон деңизи тарапты аткылады