Бишкек - Ош жолуна альтернавтивдүү "Түндүк-түштүк" автожолунун 2-фазасы аягына чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын координатору Санжар Асаналиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, жолдун 2-фазасына асфальт төшөлүп бүттү. Учурда эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат:
"Биринчи көпүрөнүн узундугу - 1 чакырым, экинчиси 400 метр. Жыл аягына чейин эки көпүрө тең курулуп бүтөт".
Асаналиевдин маалымдашынча, Азия өнүктүрүү банкы "Түндүк-түштүк" альтернативдүү жолунан тышкары Балыкчы - Кочкор жана Кочкор - Эпкин жолдорун да куруп жатат.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда,"Түндүк-түштүк" автожолун куруу иштери үч фазага бөлүнгөн. Биринчи фазасын 2022-жылдын ноябрында аяктоо пландалууда. Экинчи фазасы келерки жылы бүтөт. Ал эми жыйынтыктоочу иштер 2023-2024-жылдары аяктайт.
2015-жылы башталган долбоордун наркы 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя, анын 560 миллиону өздөштүрүлгөн.
Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.(ZKo)
Дагы караңыз
Абдыгуловду кызматтан алуу боюнча документ парламентке келдиКара-Суу районунда каналга түшүп кеткен ымыркайдын сөөгү табылдыТүркмөн бийлигин сындаган активист Стамбулда кармалдыШайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан алгачкы аял талапкер катталдыБишкектин мектептеринде бир нече класс карантинге жабылды