Республикалык маанидеги фестивал биринчи жолу 29-30-сентябрда Гүлчө айылында уюштурулуп жатат. Иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына карата демилгеленгенин Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков “Азаттык” радиосуна кабарлады.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты тоолуу аймактардагы театрлардын чыгармачыл потенциалын өркүндөтүү.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Алай райондук мамлекеттик администрациясы колдоого алууда. Фестивалда өлкөнүн жети облусунан жана Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театрынын жамааты спектаклдерин тартуулайт. (JsA)
Дагы караңыз
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатБишкектин мектептеринде бир нече класс карантинге жабылдыКоронавирустан каза болгондордун көбү Бишкек менен Чүйдө