Түндүк Корея "белгисиз снаряд" менен Жапон деңизи тарапты аткылады

БУУнун Баш катчылыгы Түндүк Кореяга өзөктүк куралдарды сыноо үчүн атууга тыюу салган.

Жапониянын Коргоо министрлиги бүгүн, 28-сентябрда Түндүк Корея "белгисиз снаряд" менен Жапон деңизи тарапты аткылаганын жарыялады.

Бул шектүү чабуул Түндүк Кореянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Ким Сонг Нью-Йорктогу Башкы ассамблеяда "эч ким өзөктүк куралды сынаганы үчүн айыптай албайт" деп айтканынан кийин ишке ашты.

"Биз тек гана улуттук коргонуу тутумубузду бекемдеп, өлкөнүн коопсуздугу менен тынчтыгын камсыз кылууну көздөйбүз", - деген Ким Сонг.

Эгерде снаряд баллистикалык ракета экени тастыкталса, бул быйылкы жылы үчүнчү жолу атылган болот. 15-сентябрда Түндүк Корея Жапон деңизинде кыска аралыкка учуучу эки ракетасын сыноодон өткөргөн. БУУнун Коопсуздук Кеңеши КЭДРге баллистикалык ракеталарды сыноого тыюу салган. Пхеньян болсо 2017-жылдан бери баллистикалык ракеталарды сынабаганын айтып келүүдө. (BCh)

Дагы караңыз

Мигранттарды коргогон Чупик Өзбекстанга өткөрүлөбү?Казакстан "Талибанга" кол сундуБеларус абагындагы оппозициячыл активистке Гавел сыйлыгы ыйгарылды Меркелдин партиясы социал-демократтарга утулду