АКШнын президенти Жо Байден COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алды. Ал америкалыктарды эмдөөгө активдүү катышууга үндөдү.
"Бустер ыкмасы менен эмделүү өтө маанилүү, биз калкты жапырт эмдөөгө тийишпиз. Вакцинадан качкан азчылык коомчулукка эсепсиз кыйынчылык алып келүүдө",-деди президент Байден.
Америкалыктардын төрттөн үч бөлүгү вакцинанын биринчи дозасын алышты. Бул өлкөдө 12 жаштан 65 жашка чейинкилер коронавируска каршы эмделиши керек.
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Pfizer компаниясы өндүргөн вакцинаны үчүнчү доза катары өлкөнүн жашы улгайган, медициналык кызматкерлер жана 50-64 жаштагы ден соолугунан жабыркагандарга сунуштап жатат.
Байдендин айтымында, болжол менен 60 миллион америкалык жаран үчүнчү доза менен эмделиши керек. Азыркы тапта бул сан 20 миллионго жетти.
Today I got my COVID-19 booster shot—and just like my first and second dose, it was safe and easy. Get vaccinated. Together, can we save lives and beat this virus. pic.twitter.com/gtNAQqmOoj
— Joe Biden (@JoeBiden) September 27, 2021
78 жаштагы АКШ лидери коронавируска каршы 2020-жылдын 21-декабрында биринчи доза менен эмделип, быйыл 11-январда экинчи дозасын алган.
Америкада азыркы тапта коронавирус жуктурган жана андан саламаттыгы начарлап, өлүмгө учурагандар эмделбегендер арасында экенин дарыгерлер белгилеп жатышат. (BCh)
Дагы караңыз
Мигранттарды коргогон Чупик Өзбекстанга өткөрүлөбү?Казакстан "Талибанга" кол сундуБеларус абагындагы оппозициячыл активистке Гавел сыйлыгы ыйгарылды Меркелдин партиясы социал-демократтарга утулду