Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн кыргызстандык жарандарды 30-сентябрга чейин миграциялык документтерин толугу менен иреттөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеме атайын билдирүү таратты.
Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскертти.
Мындай документтери болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып пул салат, же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.
Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. (BCh)
Дагы караңыз
Беларус абагындагы оппозициячыл активистке Гавел сыйлыгы ыйгарылды Мигранттарды коргогон Чупик Өзбекстанга өткөрүлөбү?Меркелдин партиясы социал-демократтарга утулдуУкук коргоочу Чупик өзүнө коюлган айыптарды "акылга сыйгыс" деп атады