Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу мыйзамсыз миграция агымын аныкташты. Бул боюнча эки кыргызстандык шек саналып, кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, баштапкы маалыматтар боюнча, 39 жаштагы жана 37 жаштагы жарандар Казакстандын жарандарын Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп турушкан. Алар кыргыз-казак чек арасынан кармалды.
Учурда бул иш боюнча тиешелүү иликтөө жүрүп жатат.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Чу суусунан жарандарды жана жүктөрдү эки тарапка мыйзамсыз өткөрүп турган адамдар бар экени тууралуу мурдатан эле айтылып келет. (ZKo)
Дагы караңыз
Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айтты NRC: Ооганстандын экономикасы кыйроо алдында туратЛейлек: Жийделик айылына баратып кармалган кыргыз жараны бошотулдуКой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылдыТекебаев Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтты