Норвегиядагы качкындар кеңеши (NRC) Ооганстандын экономикасы кыйроо алдында турганын, өлкө гуманитардык катастрофа коркунучуна кептелгенин эскертти.
Уюмдун баш катчысы Ян Эгеланн 27-сентябрда Кабулдагы сапары маалында билдиргендей, Ооганстанда нак акча жетишсиздигинен банк системасы кыйрап калышы мүмкүн.
"Биз абанын температурасы 20 градуска чейин төмөндөй турган кыш мезгилине чейин адам өмүрлөрүн сактап калуу үчүн убакыт менен жарышып жатабыз. Жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген адамдарга жакынкы жумаларда баш калка, жылуу кийимдер жана тамак-аш керек", - деди Ян Эгеланн.
Норвегиядагы качкындар кеңешинин маалыматы боюнча, быйыл январь айынан бери Ооганстанда 664 миң адам жер которду. Натыйжада алардын жалпы саны 3,5 миллион кишиге жетти.
Августун ортосунда "Талибан" кыймылы Кабул шаарын ээлеп, эл аралык коомчулук тааныган ооган өкмөтү кулагандан кийин дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Ооганстанга бериле турган жардамдарын убактылуу токтоткон.
Норвегиялык уюмдун маалыматына ылайык, Ооганстанда ар бир үч адамдын бири ачка отурат. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жүргүзгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, акыркы бир аптада Ооганстандагы үй-бүлөлөрдүн 93% тоё тамак жеген эмес.
Дагы караңыз
Лейлек: Жийделик айылына баратып кармалган кыргыз жараны бошотулдуНур-Султанды каптаган көк түтүнТүркияда Алтай элдеринин симпозиуму өтүп жататКазак элчиси Кабулда “Талибандын” министри менен жолуктуКой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылды