Түркиянын Бурса шаарындагы "Панорама 1326" музейинде Алтай элдеринин IX эл аралык симпозиуму башталды.
Быйыл симпозиум "Эпостор жана эпикалык маданият" темасында өтүп жатат. Маданий иш-чаранын биринчи күнүндө Кыргызстандан барган манасчылар "Манас" эпосунан үзүндү айтышты. Ошондой эле, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Жапония, Монголия, Индия, Азербайжан, Венгрия жана Испания сыяктуу өлкөлөрдөн 80 илимпоз өз эмгектери менен катышууда.
Илимий жыйын 30-сентябрга чейин Бурса шаарында уланат.
Алтай таануу жыйындары буга чейин Бишкек, Стамбул, Сеул, Анталия, Улан-Батор жана Ысык-Көлдө өтүп келген. 2018-жылы Алтай таануу боюнча эл аралык туруктуу жыйындын (ПИАК) 61-отуруму уюшулган. (ElB)
Дагы караңыз
Казак элчиси Кабулда “Талибандын” министри менен жолуктуКой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылдыТекебаев Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин айттыГрекиянын Крит аралындагы жер титирөөдөн бир киши каза болдуКой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаев алынып келди