"Кыргызгидромет" агенттиги 28-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт деп кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 20…25 градус жылуу болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11.
Бишкек шаарында эртең жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн 11…13°, күндүзү 26…28 градус ысык болот.
Дагы караңыз
Кыргызстанга жылына Түркиядан 1,5 тонна алтын зер буюмдары импорттолотЕАЭБдин Ысык-Көл саммитин уюштурууга 18 млн. сом сарпталганУКМК фармкомпаниянын жетекчисин кармадыРуслан Казакбаев БУУнун баш катчысы менен жолукту