Ош облусундагы Кара-Кулжа районун Дамир Кулубаев жетектейт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация 27-сентябрда маалымдады.
Дамир Кулубаев 2017-2018-жылы Чүй облусундагы Панфилов районунда аким болуп иштеген.
Кара-Кулжа районун буга чейин жетектеп келген Аманкан Кенжебаев өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланды.
Кара-Кулжа району Ош облусундагы ири райондордун бири. Аймагы 5712 чарчы метр. 2009-жылкы Эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, райондо 100 миңдей адам жашайт. 12 айыл аймагын жана 47 айылды камтыган район облустагы тоолуу аймактардын бири. (ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстанга жылына Түркиядан 1,5 тонна алтын зер буюмдары импорттолотЕАЭБдин Ысык-Көл саммитин уюштурууга 18 млн. сом сарпталганТендер: жаңы мыйзамдын күңгөйү жана тескейиРуслан Казакбаев БУУнун баш катчысы менен жолуктуCOVID-19: Жаңы 59 учур катталды