HRW өкүлү Азимжан Аскаров маселесин козгоду

Хью Уильямсон.

Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугуп, өлкөдөгү адам укугуна байланыштуу маселелерди сүйлөштү.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда качкындар, мигранттар жана улуттук азчылыктардын укугу тууралуу сөз болуп, COVID-19 вирусунун өлкөлөрдөгү адам укугуна тийгизген таасири талкууланды.

Уильямсон Кыргызстандын Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүүсү менен 500 ооган студентине виза берүү тууралуу чечимин жогору баалап, Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү жандантууну сунуштаган.

Кийин ал өзүнүн "Твиттердеги" баракчасында бул жолугушууда Аскаровдон тышкары Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолуп жаткан Орхан Инанды, чек арадагы кандуу кагылыштар Human Rights Watch уюмунун өкүлү Мира Ритманга Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу тууралуу да маселелер козголгонун жазды. (BCh)

Дагы караңыз

Тажикстандын "Талибандан" кооптонуусуна негиз барбы?Жапаров шайлоого кийлигишкен чиновниктерге катаал чара көрүлөрүн эскерттиМосквада мигранттарга жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 20 миң рублдан берилетCOVID-19: Кыргызстан калкынын 35% эмделди