Лавров Мали орусиялык менчик аскер фирмасына кайрылганын билдирди

Малилик аскерлер, Бамако. 2020-жылы августта тартылган сүрөт.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Мали терроризмге каршы күрөштө жардам берүү үчүн орусиялык менчик аскерий компанияга кайрылганын билдирди. Бул тууралуу Лавров 25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасындагы маалымат жыйында билдирди. Ал расмий Москванын буга тийешеси жок экенин кошумчалады.

"Биз жеке компаниялар аркылуу эмес, мамлекеттин эсебинен дагы терроризм жана ар кандай коркунучтардан коргонуу, кыскартуу максатында Малинин коргонуу күчтөрүнө аскерий-техникалык жактан жардам берип келебиз. Албетте, Коопсуздук кеңешинин алкагында дагы тынчтыкты орнотуу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Лавров.

Малинин премьер-министри Шогель Кокалла Майга БУУнун жыйынында сүйлөп жатып, Франциянын Африка өлкөлөрүндөгү аскердик катышуусун кыскартып, "Бархан" операциясын токтотуу чечиминен кийин орусиялык менчик компания менен кызматташуу аракети болуп жатканын айткан.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттар Малинин бийлиги армияны окутуу жана жогорку кызматтагы адамдарды коргоо максатында "Вагнер" менчик аскер компаниясы менен келишимге кол коюуга даярданып жатканын жазган. Расмий Бамако сүйлөшүүлөр болгонун, бирок азырынча эч кандай макулдашууга жетише электигин билдирген. Москва аталган компанияга тийешеси жок экенин билдирди.

Ушундан кийин Франция жана Германия бийлиги өзүнүн аскерлерин Малиден чыгарып кете тургандыгын айткан. Ушундай эле позицияны Европа өлкөлөрүнүн Коргоо министрликтери дагы билдирген. Европа Биримдиги Мали жеке компания менен келишим түзө турган болсо, анда мамилени үзө турганын кошумчалаган.

Франция Сахел аймагында террорчуларга каршы күрөштүн алдыңкы катарында турат. 2012-жылы Малидеги мамлекеттик төңкөрүш ашынган исламчыларды козгоп, Париж ошондон бери 5 миңдей аскерин жөнөткөн. Бирок жыл башында франциялык контингент 2,5-3 миңге чейин кыскартыла турганы жарыяланды.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясы Орусиянын президенти Владимир Путиндин "ашпозчусу" атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин танып келишет.

Дагы караңыз

Германияда Бундестагга шайлоо өтүп жататАКШ элчилигинин алдында жаныбарларды коргоого чакырган пикет өтүп жататТашиев эки айда "Кумтөрдөн" 90 млн. доллар пайда түшкөнүн билдирдиДүйнөдөгү 100 белгилүү эмгек казакча которулду