Ош шаарында 22-23-сентябрда уюштурулган Республикалык айтыштын баш байгесине төкмө акын Баян Акматов ээ болду. Ага алтын жалатылган "Алтын комуз", 80 миң сом жана "Ак таңдай" аттуу алтын төш белги ыйгарылды.
Биринчи орунга Айсааба Базарбай кызы, экинчиге Жылдызбек Төрөканов, үчүнчү орунга Мамбеттокто Мамбеторозо уулу татыды.
Айтышка жалпысынан 40 акын катышып, финалга 16сы чыкты. Арасында эки казак акыны да бар.
Айтышты ЭлТР менен “Ак таңдай” акындар ордосу уюштуруп, иш-чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Мамлекеттик тил майрамына жана Ош шаарынын күнүнө арналды.
“Алтын комуздан” сырткары, байге фондуна президенттик фонддон 500 миң сом бөлүнгөн. (DU)
Дагы караңыз
Чек арада окуучулар аралашкан чыр иликтенетТатьяна: Кыргызстандыктар жакшы жашоого татыктууСирияда соттолгон кыргыз жарандарынын балдарын мекенине кайтаруу маселеси талкууландыИран Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн жер бөлүп берди Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны кескин көбөйдү