Эльбрус чокусуна чыгып бараткан топтун беш мүчөсү каза болду

Эльбруска чыгып бараткандар. Архивдеги сүрөт.

Орусиядагы Эльбрус чокусун багындырууга барган туристтик топтун беш мүчөсү каза болду. "Интерфакс" агенттигинин маалыматына ылайык, топто жалпысынан 19 адам болгон. Алардын 14үн тиешелүү кызматттар куткарып калууга үлгүргөн.

Алдына ала маалыматтарга караганда, буга аба ырайынын кескин начарлап кетиши себеп болду. Туристтик топ бараткан аймакта, шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетип, бороон башталып, эч нерсе көрүнбөй калган.

Ошондой эле, туристтик топтогулардын бири да кесипкөй альпинист болбогону кабарланды. Куткаруучулар аларды 5400 метр бийиктикте табышкан.

Орусиянын Түндүк Кавказ аймагында жайгашкан бул чокунун бийиктиги 5642 метрди түзөт.

Дагы караңыз

Орусиядагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болдуСариев менен Нарымбаев 30-ноябрга чейин камакта калтырылдыАскер уулунан ажыраган эне президент Жапаров менен жолугушууну суранууда