Жээнбеков, Зулпукаров жана Оторбаевдин камактагы мөөнөтү 30-ноябрга чейин узарды

24-сентябрда сот алдына чогулган Жээнбековдун тарапташтары.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда ушундай чечим чыгарды.

Сот отуруму болуп жатканда сыртта тарапташтары алардын бошотулушун талап кылып турушту.

Депутаттар Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу 2021-жылдын май айында камалган. Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаевди УКМК 16-сентябрда кармаган.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген. Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган күнөөнү четке кагып келатышат.

Дагы караңыз

Бейтаптардын башын кошкон бирикме бийликке сунуш беретКыргызстан талиб өкмөтүнүн тамырын тарттыМарипов: Азык-түлүк боюнча абал оорлобошу үчүн өкмөт “эң начар сценарийге” даяр туруусу керекШайлоо: Округдардын өзгөргөн картасы, депутаттардын шеги COVID-19: Оору көп катталган мектеп же окуу жай убактылуу жабылатМинистр Бейшеналиев: COVID-19дун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрда болушу мүмкүн