Эгер мектептерде же жогорку окуу жайларында коронавирус көп каттала баштай турган болсо убактылуу жабуу чарасы көрүлөт. Бул тууралуу 24-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл июль айына туура келген экинчи толкунда балдар арасында COVID-19 болгондор көбүрөөк катталды:
“Эгер бир класста 2-3 бала ооруп кала турган болсо ошол класс жабылат. Эгер эпидемиологиялык кырдаалга жараша ооругандар көбөйсө мектепти же жогорку окуу жайын жабабыз”.
Кыргызстанда дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик окуу жайларынын баары 15-сентябрда кадимки тартипте иштей башташты.
Министр окуу башталгандан бери окуучулар арасында коронавирус катталбаганын билдирди.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 178 миңден ашты, алардын 2,5 миңден көбү каза болду. (RK)
Дагы караңыз
Шайлоо: Округдардын өзгөргөн картасы, депутаттардын шеги Министр Бейшеналиев: COVID-19дун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрда болушу мүмкүн Сариев менен Жээнбековдун тарапташтары сот алдына чогулушту АӨБ Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 80 миллион доллар бөлөт