Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту.
24-сентябрда сотто алардын баш коргоо чарасы каралууда. Сыртта чогулгандар саясатчыларды бошотууну талап кылып жатышат.
Алар "Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалышкан. Жээнбеков 31-майдан, Сариев 3-августтан бери камакта. Экөө тең күнөөсүз экенин айтып келишет.
Дагы караңыз
АӨБ Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 80 миллион доллар бөлөтИИМ жасалма ПЧР-тест саткандар кармалганын билдирди Кыргызстан талиб өкмөтүнүн тамырын тарттыЭлчи кызматына талапкердин кармалышы талкууга түштү