АКШ Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасына уруксат берди

Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек агенттиги айрым адамдарга COVID-19 илдетине каршы Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасын (бустер) колдонууга уруксат берди. Препарат 65 жаштан улуу адамдарга, саламаттыгы начар жаштарга, жумушуна байланыштуу коронавируска чалдыгуу коркунучу жогору болгон кызматкерлерге (дарыгерлер, мугалимдер) сайылмакчы.

Жараян башталгыча дагы бир топ жактыруулардан өтүүгө тийиш. Moderna жана Johnson & Johnson вакциналарынын үчүнчү дозасы боюнча чечим чыга элек.

Президент Жо Байдендин администрациясы коронавирустун «дельта» вариантынан жакшылап коргоо үчүн дээрлик бардык чоң кишилерге бустерди сайууга уруксат берүүнү пландаган.

Буга катар Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун комиссиясы үчүнчү доза маселесин талкуулап жатат. Алардын чечими бейшембиде белгилүү болмокчу.

Дагы караңыз

Иманкулов шайлоодо мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөтпөөгө чакырды Зеленский Донбасстагы абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды"Эркиндик үнү": Бишкекте абактагыларды текшерүүдө мыйзам бузуу бар экени аныкталдыТажикстанда мунапыс берилгендер абактан чыга баштадыШвейцария илимпоздору Ат-Башыда малчыларды он жыл изилдедиКуугунтук маселесин козгогон парламенттеги кайым айтыш АӨБ Кыргызстанда инфляция 10% болот деп божомолдойт