Иманкулов шайлоодо мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөтпөөгө чакырды 

Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов парламенттик шайлоодо бюджеттик кызматкерлерди колдонгондор жазаланарын эскертти.

23-сентябрда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү.

Ал президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, жана Ош шаарынын мэрлерине кайрылып, мамлекеттик кызматкерлерге шайлоодо басым көрсөтпөөгө чакырды.

"Мугалимдерди, дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди, квартал башчыларын өз кызыкчылыгыңарга же кайсы бир саясий партиялардын, талапкерлердин же мамлекеттик кызматкерлердин кызыкчылыгына пайдалануу таптакыр токтотулсун! Токтото албайсыңарбы, биз күч менен токтотобуз!" - деди Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын айтып, буга чейинки шайлоолордогу мыйзам бузуулар бир нече жолу элдик толкундоолорго алып келгенин эске салды. Партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди коомдук-саясий абалды курчутпоого, жеке кызыкчылык үчүн элди бөлүп-жарбоого үндөдү.

Мындан сырткары, коронавирус пандемиясынын шартында добуш берүү тилкелеринде санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо зарылдыгын белгиледи.

Соңунда сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш-планы бекитилди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. (SE)

Дагы караңыз

Зеленский Донбасстагы абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды"Эркиндик үнү": Бишкекте абактагыларды текшерүүдө мыйзам бузуу бар экени аныкталдыТажикстанда мунапыс берилгендер абактан чыга баштадыШвейцария илимпоздору Ат-Башыда малчыларды он жыл изилдедиКуугунтук маселесин козгогон парламенттеги кайым айтыш АӨБ Кыргызстанда инфляция 10% болот деп божомолдойт