Владимир Зеленский БУУнун ишин жандандырууга чакырды

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-сентябрда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып БУУнун ишин кайра жандандырууга мезгил келгенин айтты.

Ал коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө уюмда биримдик болбогонун билдирип, COVID-19га каршы вакцинаны алууга мамлекеттерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн мисал кылды.

Буга байланыштуу адамдарга карата адилетсиздикти жоюу үчүн БУУ тиешелүү реформаларды жүргүзүшү керектигин кошумчалап, Украинада жардамчысы Сергей Шефирге кол салуу болгонун айтты.

"12 ок атылып үчөө айдоочуга тийди. Мына силерге өлкөнү өзгөртүүнүн, реформа кылуунун баасы", - деди Зеленский.

Украинанын президенти Донбасстагы абалга кайрылып, аймакта куралдуу кагылышуу учурунда 15 миң адам каза болгонун билдирди. БУУну Киев көзөмөлдөбөгөн аймактарда абакта жаткан 450 украинди бошотууга көмөктөшүүгө чакырды.

Дагы караңыз

Хью Уильямсон: Кыргыз бийлиги менен диалогду улантабызДепутат Акаев: Былтыркы шайлоодогудай эле чоң эки партия түзүлүп жатат (видео)БУУ Ооганстандын саламаттык сактоо системасына 45 миллион доллар бөлөтKумтөрдүн ишин иликтеген комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды