“Талибан” бийликке келгенде Ооганстандан качкан кыз-келиндердин таэквандо командасынын мүчөлөрү Мелбурн шаарына жайгашты. Австралиянын таэквандо федерациясы маалымдагандай, 7 спортчу кыздын карантиндик мөөнөтү аяктап жатат. Аларды августтун ортосунда Пакистан аркылуу алып чыгуу үчүн “өтө кооптуу операция” жүргүзүлгөн. Кыздар ал шаарда окуп, иштеп, машыгууларын уланта бермекчи. Атлеттерге гуманитардык виза берилген. Федерация Кабулдан дагы 8 спортчу кызды эвакуациялоону пландап жатат.
Австралия Ооганстандын футбол боюнча кыз-келиндер командасынын оюнчуларына да виза берген.
Талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турганда кыздардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, аялдардын иштөөсүнө тыюу салынган.
Ашынган исламчыл кыймыл азыр өзүн мурункудан байистүү деп атаганы менен, алар жетектеген өкмөт бир айдын ичинде эле аялдардын бир топ укуктарын катуу чектеп салды.
Дагы караңыз
Ак-Сай өрөөнүнө медициналык илимий-изилдөө базасы уюштурулатОрусиядагы шайлоодо талапкер болгон боордошторТүркмөн активисттери: бийлик өлкөдө коронавирус бар деп таанышы керекCOVID-19: АКШ вакциналар менен мындан ары да бөлүшөтСахна артында: "Образга кирип, ооруп калчу"