Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанды Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) толук кандуу мүчөлүгүнө кошууну сунуш кылды. Ал эл аралык агенттиктин Венада өткөн 65-сессиясында сүйлөгөндө мүчөлүккө кошулуу жараянын - көпкө созулган маселе деп атады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 22-сентябрда билдирди.
“Жыйырмадан ашуун мамлекет, анын ичинде Кыргызстан Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин бир да аймактык тобуна кирген эмес. Топко мүчө болбогондуктан, биз агенттиктин органдарына шайлануу укугунан, мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатабыз. Бул нерсе МАГАТЭ мүчөлөрүнүн ортосунда теңсиздикти жаратууда", - деди министр.
Ажикеев бул көйгөйдү БУУнун башка структураларынын тажрыйбасын колдонуу менен чечүүнү сунуштады. Ал буга чейинки бир нече жолу кайрылуулардан майнап чыкпаганын кошумчалаган.
Кыргызстан МАГАТЭ менен биргеликте Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча стратегиялык башкы планын иштеп чыккан.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм. Ал 1957 -жылы негизделген.
2017-2018-жылдары уюмдун Жетектөөчү Кеңешине 35 өлкө кирген. Уюмдун штаб-квартирасы Венада жайгашкан.
Дагы караңыз
Депутат Бердиев: Аткезчилик үчүн кармалган алтын концентратын Кытайга чыгарып кетиштиДепутаттар БШКнын шайлоого даярдыгы жөнүндө маалымат берүүсүн талап кылыштыОрусиядагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтары чогултулат"Кыргыз темир жолу" Кытайдын компаниясы менен кызматташат