"Кыргыз темир жолу" Кытайдын компаниясы менен кызматташат

Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын темир жол компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул документ Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу, Турксиб (Луговая) -Балыкчы темир жолун электр менен камсыздоо, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатын көздөйт.

Аталган мекемеден 22-сентябрда кабарлашкандай, жакында "Кытай темир жолдорунун №3 инженердик корпорациясынын" адистери Кыргызстанга келип, долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун жаңылаш үчүн тендерди 2021-жылдын январында жарыялаган. Ишкана долбоорду жаңылоого 110 млн. сом төлөп берери расмий кабарланган. Балыкчыдан Кара-Кече көмүр кенине чейинки темир жолдун узундугу 186 км. болот.

Дагы караңыз

“Коопсуз шаар”: үч буттуу камералар “2GIS” жана “Yandex картага” киргизилетКоронавирустан дагы үч адам каза болду, 72 бейтап жаңы катталды