Бишкекке расмий сапар менен Өзбекстан Cенатынын төрайымы келди

Танзила Нарбаева. "Манас" аэропорту. 2021-жылдын 21-сентябры.

Бүгүн 21-сентябрда Бишкекке расмий сапар менен Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева келди.

Сапар алкагында өзбек делегациясы Кыргызстандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Нарбаева Бишкекте ачылган кыргыз-өзбек ишкер аялдардын форумуна катышты. Бул иш-чарага Өзбекстандан келген 25 ишкер жана депутат аял да катышууда.

Өзбекстандын 250 мандаттуу парламенти (Олий Мажлис) жогорку (Сенат) жана төмөнкү (Мыйзам чыгаруу палатасы) палатадан турат. (RK)

Дагы караңыз

Мэр Болотбековдун бөгөт чарасы аныкталды, ал прокурордун өтүнүчү менен камактан бошодуОш: жолбун ит капкан 13 киши ооруканага кайрылдыКазакстанда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылдыЕБ Австралия менен талашта Францияга тилектештигин билдирди