Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Анын бөгөт чарасы тууралуу ушундай чечим 20-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынганын соттун басма сөз кызматы билдирди.
Ал соттук териштирүү учурунда тергөөчүнүн уруксатысыз эч жакка чыкпоого, териштирүүгө тоскоолдук жаратпоого жана чакырган убакта барып турууга милдеттендирилди.
Болотбеков “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп тергелип жаткан иштин алкагында 18-сентябрда шектүү катары камакка алынганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.
Азырынча УКМК шектүүлөргө каршы ким арыз жазганын жана иштин чоо-жайын толук кабарлай элек. Болотбеков жана Чойбековдун жакындары же жактоочулары билдирүү тараткан жок.
Болотбеков Нарынга мэр болуп быйыл июнь айында дайындалган. (RK)
Дагы караңыз
Байден Башкы ассамблеяда климат, пандемия маселеси боюнча чогуу иштөөгө чакыратУКМК камакка алган Нурматов Тажикстандагы элчи кызматына көрсөтүлгөнОш: жолбун ит капкан 13 киши ооруканага кайрылдыЕБ Австралия менен талашта Францияга тилектештигин билдирди