Кылмыш-жаза мыйзам долбоорлоруна президенттин каршы пикирин парламент комитети колдоду

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Кылмыш, Жазык-процессуалдык жана Укук бузуулар кодекстеринин долбоорлоруна президенттин каршы пикирин 21-сентябрда талкуулады.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кылмыш кодексинин бир катар пункттарын оңдоо, арасында "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренесин аягына чыгаруу керектигин билдирген.

Депутат Мирлан Жээнчороев президенттин каршы пикири жүйөлүү экенин белгилеп, сунуштарды карап чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясы керектигин айтты.

Комитеттин талкуусуна баш прокурор Курманкул Зулушев катышып, депутаттын демилгесине каршы пикир билдирип, президенттин каршы пикирин колдоп берүүнү өтүндү. Жыйынтыгында Жээнчороев менен Зулушевдин ортосунда кайым айтышуу болду.

Комитет президенттин каршы пикирин колдоду. Макулдашуу комиссиясын түзүү сунушу өткөн жок.

Кыргызстанда укуктук-соттук реформа 2012-жылы башталган. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган.

2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат.