Ош: жолбун ит капкан 13 киши ооруканага кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 19-сентябрь күнү 13 тургунду жолбун ит каап, алар ооруканага кайрылды. Дарыгерлер жабырлануучулар жеңил жараат алганын билдиришти.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Жыргалбек Толоров "Азаттык" радиосуна шаардык ооруканага кайрылган 13 жаран рабиологиялык вакцина алганын айтты.

"Жарааттары бир-эки жип менен тигилип үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Күч түзүмдөрү да келип маалымат алып кетишти. Алардын баарына рабиологиялык вакцина берилген".

Шаардыктарды капкан ит жок кылынган. Дарыгерлер жаныбарда кутурма болушу мүмкүн деп болжошууда. Жабырлануучулардан кутурманын белгилери байкалган эмес.

Ош облустук ооруканасынын инфекция бөлүмүнүн дарыгерлери аларга быйылкы жылы кутурма оорусу жугуп кайрылган бейтап боло электигин кабарлашты.

Ит капкан кишиде кутурма оорусу пайда болушу ыктымал болгондуктан, мындай учурда дароо дарыгерге кайрылуу сунушталат. (DU)

Дагы караңыз

ЕБ Австралия менен талашта Францияга тилектештигин билдирди Орусиядагы эмгекчил мекендештерТүркия мигранттардан эмдөө сертификатын талап кылуудаКазакстанда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылдыСот жоопкерчилигин кароо жобосу сынга кабылдыБайден Башкы ассамблеяда климат, пандемия маселеси боюнча чогуу иштөөгө чакырат