Полиомиелитке каршы медиаөнөктүккө блогерлер жалданат

Полиомиелитке каршы эмдөө.

Республикалык иммунопрофилактика борбору полиомиелит (шал оорусу) жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн медиаөнөктүк үчүн тендер жарыялады. Каражат Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстан (GAVI) бөлүнөт.

"Бул донордук каражатты колдонбосок, кийин бизге каражат берилбей калат. Альянс бөлгөн акчаны колдонууга тийишпиз", - деди Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова.

Тендердин баасы 1 миллион 4 миң сом, ага блогерлер катышат. Каражат 1,5 жыл бою бир канча блогердин эмгегине жана маалыматтык өнөктүктү калк арасында таратууга жумшалат. Акча Республикалык иммунопрофилактика борбордун сайтын жандантууга да каралган.

Полиомиелит дарты жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн роликтер жасалып, коомчулукка жайылтылат. Блогерлер коронавируска каршы эмдөө тууралуу маалыматтарды чыгарууга тийиш. Сценарийлер адистер менен кеңешип жазылат.

Тендер 20-сентябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Арызды кабыл алууга эки күн убакыт берилген.

Кыргызстанда полиомиелитке каршы эмдөө быйыл апрелде башталган. План боюнча 269 миң бала эмделүүгө тийиш. Алардын 173 миңи вакцина алды. Эмдөө өнөктүгү 20-октябрда аякташы керек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун бардык өлкөлөргө полиомиелитке каршы вакцина алууну сунуштайт.

2011-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдардын саны 10 жарым миңге чукул болгон. Андан берки статистика белгисиз. (SE)

Дагы караңыз

Министр Купешевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат расмий төгүндөлдүСадыр Жапаров БУУ жыйынынын ачылышына катышатCOVID-19: Дагы эки адам каза болду, 89 бейтап жаңы катталдыКыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдүРавшан Жээнбеков куугунтук бир да бийликке ийгилик алып келбегенин айтты