Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат расмий төгүндөлдү. Министрлик бул тууралуу 21-сентябрда "Фейсбукта" билдирүү таратты.
20-сентябрда reporter.kg сайты Купешевге кылмыш иши козголгонун жазган. Министрлик басылмадан төгүндөө маалыматын берүүнү талап кылууда. Сайттын кызматкерлери маалымат ишенимдүү булактардын негизинде жазылганын айтышты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы министрге байланыштуу кабар чындыкка дал келбестигин билдирди.
Купешев Кыргызстандын билим берүү жана илим министри болуп 2021-жылдын 5-майында дайындалган.
Дагы караңыз
Алтын соодасына чектөө: өкмөт издеген жолСадыр Жапаров БУУ жыйынынын ачылышына катышатCOVID-19: Дагы эки адам каза болду, 89 бейтап жаңы катталдыКыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдү