Ош шаарынын тургуну өз агасынын колунан каза тапты

Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда бир туугандар чырлашып, агасы инисин бычактап салган. Маркум көп кан жоготкондуктан көз жумган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Ош ШИИБ) билдирди.

Шаардык милицияга 21-сентябрь күнү таңкы саат 07:00дө кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын ыкчам-тергөө тобу барганда жабырлануучу жоон санына бычак жегенине күбө болушкан.

"Шектүү, 1990-жылы туулган М.Ө. берген көрсөтмөсүндө каза болгон иниси күн сайын ичип келип, үйдө чыр чыгарып, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен, ачууга алдырып ушул ишке баргандыгын айтты", — деп жазылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда шектүү кармалып, тергөө кызматына алынып келинди. Факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

2021-жылы Ош шаарында төрт адам өлтүрүү фактысы катталып, анын баарынын бети ачылган. Өлкө боюнча 2020-жылы адам өмүрүнө кол салган 172 факт катталган. (DU)

Дагы караңыз

Министр Купешевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат расмий төгүндөлдүСадыр Жапаров БУУ жыйынынын ачылышына катышатБишкекте кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес форуму өтөтКыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдү