Садыр Жапаров БУУ жыйынынын ачылышына катышат

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76-сессиясынын жалпы дебаттарындагы жогорку деңгээлдеги жумалыктын ачылышына видео байланыш аркылуу катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров Нью-Йоркто башталып жаткан жыйындын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, кайрылуу жасайт.

Президенттин тапшырмасы боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Йорктогу бир катар жыйындарга катышып, БУУнун жетекчилиги менен жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Дүйнө лидерлеринин Нью-Йорктогу жолугушуусуна 100дөн ашуун өлкөнүн башчысы катышат. Алар эл аралык орчундуу маселелерди талкуулашат. (RK)

Дагы караңыз

COVID-19: Дагы эки адам каза болду, 89 бейтап жаңы катталдыБишкекте кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес форуму өтөтКыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдүРавшан Жээнбеков куугунтук бир да бийликке ийгилик алып келбегенин айтты