Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп.

Бул тууралуу 20-сентябрда үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси талкууланган жыйында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жылдан-жылга үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп баратканын, мыйзам жер-жерлерде толук иштебей жатканын айтты.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. Алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Министрлик тажикстандык студенттер тууралуу маалымат берди УКМК Абдраимовдун мыйзамсыз баюу иши боюнча маалымат бердиБашкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгын Мирбек Расулов жетектейт Парламенттик шайлоого байланыштуу республикалык штаб түзүлдүБийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы шайлоодо жеңгени жарыяланды