Бишкекте 21-сентябрда кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өтөт. Уюштуруучулар ага Өзбекстандан 25 делегация келгенин кабарлады.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 341 миллион долларга жеткен.
4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 миллион доллардан 152 миллион долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 миллион доллардан 200-300 миллион долларга өскөн.
Быйыл август айында өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 50 миллион доллар. Ал каражатты Өзбекстан салат жана кийинчерээк 200 миллион долларга чейин жеткирилет. (BTo)
Дагы караңыз
Министрлик тажикстандык студенттер тууралуу маалымат берди АКШ эмделген чет өлкөлүктөргө чектөөлөрдү жеңилдететАлматыдагы атышууда беш киши каза болдуУКМК Абдраимовдун мыйзамсыз баюу иши боюнча маалымат берди