Парламенттик шайлоого байланыштуу республикалык штаб түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн республикалык штаб түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Штабдын төрагасы болуп Коопсуздук кеңешинин катчысы бекитилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчиси менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри республикалык штабдын башчысынын орун басары болду.

Штабга андан тышкары бир катар министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, президенттин администрациясынын бөлүмдөрүнүн башчылары жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Ооганстан: аялдар өз укуктарын коргоп чыгышты Туйгунаалы Абдраимов УКМК бөлүмүндө сегиз саат суракта болгонун жакындары билдирди Чүйдө адам уурдоого шек саналгандар кармалдыСоттор кеңеши: Судьялар боюнча жобобуз мыйзамга да, регламентке да туура келет "Озоди" тажикстандык студенттер Кыргызстанга киргизилбей жатканын жазды